Бишкек: Бир катар курулуш компанияларына эскертүү берилди
22 апрель

Бишкек: Бир катар курулуш компанияларына эскертүү берилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объекттеринде техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында үзгүлтүксүз рейд жүргүзүүлүдө.

Рейддин жүрүшүндө техникалык коопсуздук эрежелерин жана эмгекти коргоо талаптарын так сактабаган объектилер боюнча бир катар компанияларга жазуу түрүндө эскертүү жана билдирүүлөр берилди.

Алар:

  • “Жаз Строй” ЖЧКсы – 12 кабаттуу турак үй, Фучик 38;
  • “Имран Строй” ЖЧКсы – 12 кабаттуу турак үй, Трудовой 9;
  • М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын 8 кабаттуу окуу корпусу боюнча;
  • “СК Авангард Стиль” ЖЧКсы – бизнес-борборго кошумча курулуш, Токтогул 125/1;
  • “Эмаар Холдинг” ЖЧКсы – 12 кабаттуу турак жай комплекси, Термечиков 1А;
  • “Залкар Строй” ЖЧКсы – 12 кабаттуу имарат, Исанов 42;
  • “СК Нефрит” ЖЧКсы – 6 кабаттуу турак үй, Бакаев 174.

Мындан сырткары, “СК Нефрит” жана “Медстрой” ЖЧКларына карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чараларды көрүү маселеси каралды.

Департамент тарабынан курулуш тармагындагы коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыздоо боюнча көзөмөл иштери мындан ары да туруктуу негизде улантылат.