Депутат: Үгүтчүлөрдүн санынын азайышы талапкерлер арасында “сеники көп, меники аз” деген тартыш жаратпайбы?
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун карады.
Демилгечилер белгилегендей, мында бир катар өзгөртүү киргизилген, анын бири – шайлоо күрөөсүн документтерди тапшырганга чейин төлөө жана үгүтчүлөрдүн санын азайтуу.
Депутат Жылдыз Таалайбек кызы ар бир участокко 3төн көп эмес үгүтчү алуу боюнча эреже талапкерлер арасындагы тең салмактуулукту канчалык сактаарын сурады.
“Мисалы, мен №30 шайлоо округунан чыккам, анда 103 участок бар. Ошондо мен 309 үгүтчү ала алат экем. А Таластагы №16 округда 72 участок бар, ал жактан койгон талапкерлер 216 гана үгүтчү менен иштешет. Бул талапкерлердин арасында тартыш жаратпайбы: сенин үгүтчүң көп, меники аз дегендей?” – деди депутат.
Демилгечи Камила Талиева участоктор шайлоочулардын санына жараша бөлүнөөрүн эстетип, андыктан бул эч кандай акыйкатсыздык жаратпашына ынандырды.
“Үгүтчүнүн саны боюнча талаш чыкпайт. Кептин баары финансыда болуп турат. А маселе финансыда эмес, талапкердин деңгээлинде болушу керек эле. Канча үгүтчү алганда деле алар сизди толук кандуу ачып бере албайт, талапкер өз программасын элге өзү жеткириши керек”, – деди Талиева.
Депутат Мирлан Жээнчороев (мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири) эч ким үгүтчүлүккө бекер иштебей турганын белгиледи. Ошол эле маалда депутат ыктыярчы үгүтчүлөрдү дагы мыйзам долбоорунда карап көрүүгө болоорун, бирок бул дайыма эле ачык-айкын боло бербесин түшүндүрдү.
“Олигарх талапкерлердин бир шайлоо участогунда бир жарым миңдей “ыктыярчы”, каражатсыз иштеп бере турган топтору пайда болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан мыйзамда келишимди так белгилүү зарыл. Бир участокто 3 гана үгүтчү иш алып бара алат, алардын айлык акысы келишим аркылуу бекитилет. Келишим түзбөгөндөр иштей албайт”, – деди ал.
Ошондой эле ал үгүтчүлөр кыскартылгандан кийин шайлоо фондун дагы 50 пайызга чейин кыскартууну карап көрүү зарылдыгын кошумчалады.
