Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулду
www
18 июнь

Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри Маткаликов Абдупата Жороевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.