Нарын облусунда жер титирөө катталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 июль

Нарын облусунда жер титирөө катталды

Нарын облусунда жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 22-июлда саат 20:48де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан түндүккө карай 7 чакырым, Жергетал айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Нарын шаарынан түндүк-батышка карай 35 чакырым жана Бөкөнбаев айылынан түштүк-батышка карай 110 чакырым аралыкта жайгашкан.

Ал эми калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Оттук айылында болжол менен 3 баллга, Жергетал айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.