Ош шаарында «Селсаяк» рейддик иш-чара башталды
Ош шаарында «Селсаяк» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Башкы максат шаар аймагында жашоо-шарты оор, туруктуу жашаган жери жок жарандарды аныктоо жана аларга социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында Ош ШИИБдин кызматкерлери көчмө кабылдаманын жардамы менен шаар аймагын кыдырып, үй-жайы жок жарандарды аныктап жатышат. Алар менен профилактикалык маектер жүргүзүлүп, психологдор тарабынан кеңештер берилүүдө.
Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрү менен биргеликте мындай жарандарга керектүү жардамдарды көрсөтүү, убактылуу жайгаштыруу жана тиешелүү социалдык кызматтарга багыттоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чаранын негизги максаты — турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды колдоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү.
