Облус башчысы Кызыл-Кыя шаарындагы инфраструктуралык жана өндүрүш объекттеринен кабар алды
15 август

Облус башчысы Кызыл-Кыя шаарындагы инфраструктуралык жана өндүрүш объекттеринен кабар алды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына иш сапары менен келип, шаардагы бир катар инфраструктуралык, социалдык жана өндүрүш объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө облус башчысы шаардагы жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштери, ошондой эле жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү багытындагы долбоорлор менен таанышып, ишкерлер менен жолугушту.

2026-жылы Кызыл-Кыя шаарында жолдорду капиталдык оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу жана ирригациялык тармактарды жаңыртуу боюнча жалпы суммасы 91 млн сомдон ашык долбоорлор ишке ашырылууда.

Анын алкагында Совет, Масалиев, Чехов жана Султанов көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле №4 А.С Пушкин жана №2 Кыргызстан 50-жыл атындагы мектептери дем берүүчү гранттын эсебинен оңдолууда.

Облус башчысы жергиликтүү өндүрүштү кеңейтүү багытында иш алып барган ишканалардын ишмердүүлүгүнө да күбө болду.

Алардын катарында «Дан» ААК ун заводу Түркиядан алынып келинген заманбап жабдуулар менен модернизацияланып, учурда суткасына 60 тоннага чейин ун өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ишканада 25 адам эмгектенет.

Мындан тышкары, «Аура» аквапарк эс алуу борбору жеке ишкер тарабынан курулуп, долбоорго жалпы 27 млн сом инвестиция тартылган.

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан берилген 0,4 гектар муниципалдык жер тилкесинде «Асыл Холдинг» ЖЧКсы тарабынан курулуш материалдарын чыгаруучу жаңы цех уюштурулууда. Долбоорго 150 миң доллар, башкача айтканда 13,1 млн сом жеке инвестиция тартылып, учурда жабдууларды монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Ишкананы 2026-жылдын 31-августунда ишке киргизүү пландалууда. Цех суткасына 60–70 тонна суюк жана борпоң курулуш материалдарын өндүрүп, 10–15 адамды жаңы жумуш орду менен камсыз кылат.

Мамыржан Рахимов ишкерлер менен баарлашуу учурунда өлкө жетекчилиги тарабынан ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестиция тартууга багытталган демилгелерди колдоо маанилүү экенин айтты.