Өзгөчө кырдаалдар министри дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коопсуз өткөрүүгө болгон даярдыкты текшерди
14-август күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосуна келди.
Кезектеги маанилүү иш сапарда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коопсуз өткөрүү максатында ӨКМ тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктар кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда куткаруучулардын жеринде нөөмөттө туруусу, күч каражаттарды даярдыгы боюнча кабар алды.
Министр ошондой эле Кырчын жайлоосундагы Чоң- Ак-Суу дарыясынын нугундагы көпүрөлөрдүн абалын карап чыгып, дүйнөлүк масштабдагы иш чараны башкысы коопсуз өткөрүү керек экендигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрга чейин өтүүчү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ӨКМдин куткаруучулары, атайы техникалары, тик учактары нөөмөткө коюлуп, жабыркаган адамдарга ыкчам сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган мобилдүү госпиталы болот.
