Шайлоо мыйзамына өзгөртүү: талапкер биринчи шайлоо күрөөсүн төгүп, андан соң гана документтерин тапшырат
Бир катар ЖК депутаттары “КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.
Бул боюнча мыйзам долбоору конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинде 1-окууда каралды.
Депутат Камила Талиева түшүндүргөндөй, өзгөртүүлөрдүн бири шайлоо күрөөсүнө байланыштуу.
“2025-жылдын 30-ноябрында өткөн ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 589 жаран талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазган. Анын 467си катталган. 62 арыз ээси талапкер болуудан баш тартса, 56 жаранды каттоодон БШК баш тарткан. 122 адам арыз берүү менен гана чектелип калган. Мында белгилей кетчү нерсе, Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери бардык арыздарды карап чыгып, документтерди бир канча күн каттоодон өткөргөндөн кийин арыз ээлери шайлоо күрөөсүн төкпөй койгон учурлар болгон. Ошондуктан биз шайлоо күрөөсүн талапкер болууга ниеттенген жаран БШКга документтерин тапшыра электе, алдын ала төгүшү керек деген эрежени сунуштап жатабыз”, – деди Талиева.
Айтымында, шайлоо күрөөсү – 300 миң сом жана аны талапкер болчу адам БШКнын депозитине которгондон кийин гана документтерин тапшырышы керек.
