Бишкектин бир бөлүгүндө 26-августта суу өчүрүлөт
Бишкектин бир бөлүгүндө 26-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Чүй пр. - Гоголь көч. - Огонбаев көч. - Осмонкул көч.
Суу берүү насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
