Кыргызстан менен Албаниянын биринчи айымдары "Рух-Ордого" барышты
18 июнь

Кыргызстан менен Албаниянын биринчи айымдары "Рух-Ордого" барышты

Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Албания Республикасынын биринчи айымы Арманда Бегайга Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда этномаданий программа тартууланды.

Иш-чаранын алкагында конокторго кыргыз элинин бай маданий мурасы, улуттук каада-салттары жана искусствосу көрсөтүлдү.

Андан соң жогорку даражалуу меймандар үчүн “Рух-Ордо” маданий борборунда экскурсия уюштурулду.

Иш-чара Албания Республикасынын президенти Байрам Бегайдын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында өттү.