www
18 июнь
Кыргызстан Америка менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишимине жетишүүнү кубаттайт
Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы тынчтык келишимине жетишүүнү кубаттайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жазды.
"Бардык катышкан тараптарга, анын ичинде ШКУга мүчө мамлекет - Пакистанга – активдүү ортомчулук аракеттери үчүн, ошондой эле тийиштүү бардык тараптарга бул натыйжага жетишүүгө салым кошкон токтоолугу үчүн ыраазычылык билдиребиз.
БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган нормаларына негизделген пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечүүнү ырааттуу жактап, Кыргыз Республикасы келишимге расмий кол коюу аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга салым кошот деп үмүттөнөт", - деди ал.
