ӨКМ башчысы канча айлык аларын айтты
18 июнь

ӨКМ башчысы канча айлык аларын айтты

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында мекеменин кызматкерлеринин эмгек акысы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бардык кошумча төлөмдөрдү эсептегенде өзүнүн айлыгы 89 миң сомду түзөт.

«Бул жетиштүү. Мурда мындан да аз айлык алып иштеп келгенбиз. Мен ӨКМде ишти жаңы баштаганда айлыгым 2 миң сом болчу, ошол каражат менен деле жашачубуз», – деди министр.

Чыныбаевдин маалыматына ылайык, ӨКМдин башка кызматкерлеринин айлыгы кызмат ордуна жана кошумча төлөмдөрүнө жараша 35 миң сомдон 75 миң сомго чейин өзгөрөт.

Ошондой эле министр айрым кызматкерлердин айлыгы жогорулатылганын белгиледи.

Анын айтымында, гидрометеорологиялык кызматтын жана суучулдар кызматынын кызматкерлери мурда 5 миңден 15 миң сомго чейин айлык алышса, көтөрүлгөндөн кийин алардын эмгек акысы болжол менен 35 миң сомго жеткен.

Буга чейин бир катар аткаминерлер негизги айлык акы жетишсиз экенин айтып, президенттик фонддон кошумча үстөк акы алып жатышканын белгилешкен.