Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
7 сентябрь

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу 2026-жылдын 8-сентябрынан тартып Махатма Ганди көчөсүнүн (мурдагы Муромская көчөсү) Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Муниципалитет шаар тургундарынан жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандап алууну өтүнөт.

Жол кыймылынын качан калыбына келтирилери оңдоо иштеринин жүрүшүнө жана аяктоо мөөнөтүнө жараша кошумча маалымдалат.