«75чилердин каты». Жумабеков Сурабалдиева мамлекеттик кайтарууга алынышы керектигин билдирди
18 июнь

«75чилердин каты». Жумабеков Сурабалдиева мамлекеттик кайтарууга алынышы керектигин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков депутат Элвира Сурабалдиеванын Камчыбек Ташиевге байланыштуу сот иши боюнча соттук отурумга катышкандан кийин ага мамлекеттик күзөт берүү маселесин кароону сунуштады.

Жумабековдун айтымында, Сурабалдиева күбө катары катышкан соттук отурум учурунда ага басым жасалган.

«Эл тарабынан шайланган кесиптешибиз кысымга кабылды. Ал жооп берүүгө же өз пикирин айтууга аракет кылганда, ага таасир көрсөтүлдү», — деди депутат.

Ал мыйзамдарда мамлекеттик күзөт берүү мүмкүнчүлүгү каралганын белгилеп, парламент төрагасы Марлен Маматалиев менен бул маселени талкуулоону сунуштады.

Өз кезегинде Элвира Сурабалдиева мындай чарадан баш тартты. Ал бюджеттин эсебинен өзүнө күзөт бөлүүнүн зарылдыгы жок экенин билдирди.