Кар көчкү түшкөн Каракол — Эңилчек унаа жолу ачылды 
ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгы
26 май

Кар көчкү түшкөн Каракол — Эңилчек унаа жолу ачылды 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолу ачылды, деп билдирет ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгы.

Белгилей кетсек, күн мурун 25-майда саат 17:00 чамасында аталган унаа жолдун 84-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) 2 жерден жалпы көлөмү 10790 м³ кар көчкү түшүп, анын ичинен 780 м³ кар көчкү унаа жолго жетип, каттам убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.

Жерине бир бульдозер тартылып, тазалоо иши жүргүзүлүп, саат 22:55де унаа жол эки тараптуу ачылган.