Депутат: Балыкчы – Каракол унаа жолунун курулушу беш жылдан бери бүтпөй келет
30 январь

Депутат: Балыкчы – Каракол унаа жолунун курулушу беш жылдан бери бүтпөй келет

Бүгүн, 30-январда «Адилет Кыргызстан» депутаттык тобунун жыйынында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан өлкө аймагындагы стратегиялык маанидеги унаа жолдорун куруу жана реконструкциялоо, ошондой эле аймактык ички жолдорду оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

Жыйында баяндама жасаган транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев министрлик тарабынан коюлган пландар толугу менен аткарылганын белгиледи. Анын айтымында, 2025-жылдын башында 1092 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө каралган болсо, жыл жыйынтыгында жалпысынан 1606 чакырым жолдо куруу жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 1545 чакырым жол асфальтталган. Ошондой эле баяндамачы республика боюнча жол тармагындагы 13 ири инфраструктуралык долбоордун ишке ашырылышына учкай токтолду.

Талкуу маалында депутат Исманали Жороев жол тармагын жакшыртууга негизинен насыя каражаттары тартылып жатканын жүйө келтирип, курулуп жаткан жолдордун сапатына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Эл өкүлү Лейлек районунда «China Road» компаниясы куруп жаткан жолдун туурасы өтө тар экенин, айрым жерлерде эки метрге да жетпей жатканын сынга алды.

Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков эл аралык мааниге ээ болгон Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна асфальт төшөө иштерин титулдук тизмеге киргизүүнү өтүндү.

Депутат Жылдыз Таалайбек кызы аймактардагы ички жолдордун абалын жакшыртуу зарылдыгын айтып, Нарын - Баетов жолунун курулушу качан бүткөрүлөрүнө кызыкты. Буга министрдин орун басары аталган жолдун жалпы узундугу 112 чакырым түзгөнүн, анын 80 чакырымы боюнча иштер калганын маалымдап:

 «Азыркы учурда эки компания менен келишим түзүлүп, быйыл жолдун биринчи катмарын бүткөрүү пландалууда», – деди.

Өз кезегинде депутат Жылдыз Курманалиева Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Ачы, Шатрак, Соку-Таш, Ак-Терек, Алчалуу айылдарын бириктирген жолду оңдоп-түзөө иштерине даярдык башталып, бирок токтоп калганын белгилеп, аны кайра жандандырууну талап кылды. Баяндамачы бул иштер быйыл жыйынтыкталарын билдирди.

Депутат Рахат Жунушбаева Балыкчы менен Каракол шаарларын байланыштырган түштүк жолунун курулушу башталганына быйыл 5 жыл болгонун айтып, туристтик сезон башталганга чейин бүткөрүү зарылдыгын айтты.

Муну менен катар депутат Нуржамал Торобекова Ош – Сары-Таш – Эркештам жолу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу суроо узатты. Министрдин орун басары быйыл аталган жолдун айрым тилкелеринде курулуш иштери пландалганын билдирди.

Андан соң депутат Бахридин Шабазов Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолунун жана Ысык-Ата районундагы бир катар жолдордун курулушун бүткөрүү маселесин ортого салса, эл өкүлү Гүлшаркан Култаева жол куруу долбоорлорун ишке ашырууда ишенимдүү ири компанияларды тандоо керектигин айтып, ортомчу майда подрядчы уюмдар курулуш мөөнөттөрүн создуктуруп жатканын кошумчалады. Депутат Равшанбек Рысбаев Абшыр-Ата эс алуу жайына баруучу жолду куруу маселесин көтөрдү.

Ошону менен бирге депутат Гүлнара Акимбаева жолдордун абалы өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана аймактардын байланышына түздөн-түз таасир этерин белгилеп, бул тармакка инвестиция тартуу жана курулуштун сапатын жакшыртуу маселелерине токтолду.

Депутат Кубанычбек Самаков да жол курулушунун сапатын камсыз кылуу маселеси тууралуу сөз кылып, кемчиликтердин кесепеттери менен күрөшпөй, алардын алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырды.

«Адилет Кыргызстан» депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев тармактык министрлик жол тармагын өнүктүрүү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатканын белгилеп, Нарын – Ак-Талаа жана Ысык-Көл облусундагы жол куруу долбоорлорун өз мөөнөтүндө бүткөрүүгө көңүл бурду.

Жыйынтыгында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы эске алынды.

Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан сугаруу тутумун жакшыртуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана капиталдык куруу жана жерди көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат угулуп, эске алынды. Депутаттар ирригациялык системаны жазгы-талаа иштерине өз убагында даярдоо керектигин белгилешип, бул багытта бир катар тапшырмаларды беришти.