Төрага Марлен Маматалиев «75чилердин каты» боюнча тастыктама берди
18 июнь

Төрага Марлен Маматалиев «75чилердин каты» боюнча тастыктама берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин 18-июндагы жыйынында «75чилердин каты» боюнча тастыктама берди.

Анын айтымына караганда, Жогорку Кеңеште аталган кат боюнча чоң талкуу болуп, ар кандай божомолдор айтыла баштаган.

«Ар кандай божомолдор болбосун деп бул жактан комиссия түздүк. Ал жакка күчтүү юристтер, аппараттын кызматкерлери жана депутаттар кирди. Каттын парламентке кандай келгендиги боюнча айтылган маалыматтарды тергөөгө өткөрүп бердик. Учурда сот жүрүп жатат», - деди ал.

Төрага өз сөзүндө «75чилердин каты» чындыгында Жогорку Кеңешке келгендигин дагы бир жолу ырастады.

«Ал катты чындыгын бул жактан күтүп алышкан. Кызматкерге ушундай кат келет, күтүп тур, бирок каттоодон өткөрбөй кармап тур деген команда келген. Кат келет. Кайра эки сааттан кийин мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулунун атына каттатасын деген экинчи команда келет. Ошол жерде биздин тиешелүү кызматкерлер катты мурдагы төраганын атына каттап, анын кабылдамасына алып барышат. Кат акыр аягы комитетке барып түшөт», - деди төрага.

Маматалиев катты көрбөй калдым, укпай калдым деп «актанып» жаткандарга кайрылып, бардыгы билгендигин кошумчалады. 

«Ал каттын натыйжасы же багыты эмне болгон баарыбызга белгилүү. Ага чейин эле коомчулукту даярдап жатышкан. Биз ал катты үч окууда кабыл алып бергенде мамлекетибиз ыдырап, эки жакка бөлүнмөк. Биз анын алдын алып, стабилдүүлүк орноду», - деди Марлен Маматалиев. 

Белгилей кетсек, «75чилердин катынан» кийин парламентте бир топ өзгөрүүлөр болду. 

Боршайкомдун маалыматына караганда, 11 депутат Жогорку Кеңештен кетти, дагы бир жарымы мандаттарын өз каалоосу менен өткөрүп берди.