Кара-Сууда реабилитацияланган ичүүчү суу тутуму пайдаланууга берилди
18 июнь

Кара-Сууда реабилитацияланган ичүүчү суу тутуму пайдаланууга берилди

Кара-Сууда «Отуз-Адыр» субдолбоорунун негизинде реабилитацияланган ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 28-июнда Суу ресурстары министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков катышты.

Субдолбоор Отуз-Адыр жана Савай-Арык айыл аймактарындагы 12 калктуу конушту камтып, жалпы 30 миңге жакын тургунду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган.

Долбоордун алкагында суу менен камсыздоо объектилери жаңыланып, Октябрь айылында көлөмү 300 куб метр болгон суу сактагыч курулду, 11,4 чакырым суу түтүктөрү тартылып, объекттин санитардык-коргоо аймагы тосулду.

Өз сөзүндө Эрлист Акунбеков калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Долбоор калкты үзгүлтүксүз суу менен камсыздоого, инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, суу менен камсыздоо системаларын тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында жергиликтүү суу чарба ишканасына атайын техникалар - экскаватор жана ассенизатордук унаа тапшырылды. Бул техникалар авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана суу менен камсыздоо объектилерин натыйжалуу тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.