www
18 июнь
Сел жүрөт! ӨКМ элди сак болууга чакырды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына караганда, 18-июнда күндүн экинчи жарымында жана 19-июндан 22-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
