www
14 май
Бишкекте автобуста жасалма акча колдонуу фактысы катталды
Бишкек шаарында №42 автобус каттамын тейлеген "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын айдоочусу эки жолу алдамчылыктын курмандыгы болгон. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жүргүнчү жол кирени төлөө учурунда 200 сомдук жасалма акча купюраларын колдонгон. Айдоочу банкноттордун жасалма экенин дароо байкаган эмес.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук тартипти сактоого, коомдук транспорттун кызматкерлерине сый-урмат менен мамиле кылууга жана мыйзамга каршы аракеттерден алыс болууга чакырат.
