Кыргызстанда заманбап «Карантиндик аймак» борбору курулат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
18 июнь

Кыргызстанда заманбап «Карантиндик аймак» борбору курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Сауд өнүктүрүү фондунун делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы Гранттык макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жаткан карантиндик аймакты куруу жана жабдуу долбоорунун аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Долбоор малды убактылуу кармоочу заманбап индустриалдык-логистикалык «Карантиндик аймак» борборун курууну карайт. Бул борбор ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө жана биологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Кыргыз тарап көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн Сауд өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирип, долбоор эпизоотиялык тобокелдиктерди азайтуу, мал чарба тармагын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду мындан ары да илгерилетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырастап, аны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында тыгыз кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.