www
6 июнь
Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү калыбына келтирилди
Бүгүн, 2026-жылдын 6-июнунда саат 21:50гө карата Бишкек шаарынын ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү толугу менен калыбына келтирилди.
Мэриядан кабарлашкандай, учурда станция штаттык режимде жүктөөлөрдү кабыл алууда. ЖЭБтеги ысык суунун температурасы калыбына келтирилип, учурда 68°C түзүүдө.
Эске салсак, бүгүн саат 15:40та шаардык чубалгылардагы бөлүүчү автоматиканын иштеп кетишинен улам Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү убактылуу токтотулган.
