
Жыл башынан бери КМШ өлкөлөрүнөн соттолгон 91 кыргызстандык которулган
Министрлик Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен бирдикте чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттердин алкагында өз компетенциясынын чегинде Россия Федерациясында жана башка чет мамлекеттерде эркиндигинен ажыратууга соттолгон Кыргыз Республикасынын жарандарын жазасын андан ары өтөө үчүн мекенине которуу маселелери боюнча туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына көмөк көрсөтүп келет.
Атап айтканда, 2024-жылдын 9 айында чет мамлекеттердин 65 түзөтүү мекемелерине, анын ичинде Россия Федерациясынын аймактарында жайгашкан түзөтүү мекемелерге консулдук чыгуулар жүргүзүлдү. Бул консулдук иш сапарлардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын соттолгон 410 жараны менен жеке жолугушуулар өткөрүлдү. Соттолгондорго барганда консулдук кызматкерлер жазасын андан ары өтөө үчүн аларды мекенине которуунун тартибин жана шарттарын түшүндүрүштү.
Ал эми Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине соттолгондордон жазасын өз мекенинде өтөө боюнча келип түшкөн бардык арыздар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына андан ары кароо үчүн ыкчам түрдө жөнөтүлүүдө.
Компетенттүү органдардын биргелешкен ишинин натыйжасында быйылкы жылы чет мамлекеттерден Кыргыз Республикасына андан ары жазасын өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын 91 жараны которулган, алардын ичинен 81 – Россия Федерациясынан, 9 – Казакстан Республикасынан, 1 – Тажикстан Республикасынан. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын дагы 54 жараны которуу стадиясында турат.
Ошону менен бирге Министрлик чет мамлекеттерде соттолгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары дагы аларды жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которуу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар экендигине дагы бир жолу көңүл бурат.