Бекешев Улуттук банкка инфляция менен натыйжалуу күрөшүү үчүн кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууну сунуштады
www
18 июнь

Бекешев Улуттук банкка инфляция менен натыйжалуу күрөшүү үчүн кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Улуттук банкта “кадрлар туруксуздугу” болуп жатканын билдирди. 

Белгилей кетсек, парламент Улуттук банктын 2025-жылдагы ишмердүүлугү боюнча отчетун угууда. 

Бекешев аталган банктын инфляция жаатындагы жасаган иштерин жетиштүү эмес деп баалады.

Ал акыркы убакта баалардын өсүшү орто катмардагы элдин капчыгына катуу сокку урганын жана бул кедейлерди ансайын кедей кылып баштаганын билдирди. Ошондуктан депутаттын пикиринде, КМШ өлкөлөрүндө инфляция Кыргызстанда аз дегенге таяна бербей, бул жаатта иш аракеттерди дагы да активдештирүү керек.

Аны менен катар депутат Улуттук банктын ички акыбалына да көңүл бурууга чакырды. 

“Отчетуңуздардан көрдүм, кадрлар туруксуздугу болуп жатыптыр. Бул айлык акынын аздыгынан. Эгерде айлык акы көтөрүлбөсө, коммерциялык банктар кадрларыңыздарды тартып кетет, огондо инфляция менен да күрөшө албайсыздар. Кадрларды кармап калуу керек. Азыр бардык тармактарда айлык акы өсүп жатат, силерде да ушундай болушу керек”, - деди Бекешев Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаевге кайрылып.