Чүй: Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жумушчу комиссия түзүп, Бишкек–Кара-Балта эл аралык маанидеги унаа жолунун боюнда жайгашкан соода-сатык объектилерин дизайн-коддун талаптарына ылайык иретке келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Комиссиянын ишинин жүрүшүндө бир катар укук бузуулар аныкталып, чарба жүргүзүүчү субъектилерге мыйзам талаптарын сактоо, соода объектилеринин сырткы көрүнүшүн белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган иштер аймактын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга, жол боюндагы объектилерди иретке келтирүүгө жана шаар куруу талаптарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган.
