Бишкекте кампадан ири өрт чыкты
21 август

Бишкекте кампадан ири өрт чыкты

Бишкекте бүгүн, 21-августта алдын ала маалымат боюнча, Көк-Жар айылынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жерине үч бөлүм, эки суу ташыгыч унаа (водовоз) чыгып, өрт өчүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жеке менчик даяр продукция сакталган кампа сэндвич панелдерден салынган, ичинде жер-жемиш салуучу жыгач, желим ящиктер, малина, кулпунай жана башка жемиштер болгон.

Болжол менен 1500 чарчы метр аянты күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.