www
18 июнь
Карыбек Дуйшеев Конституциялык соттун судьясынын кызмат ордунан бошотулду
Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында «Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу Карыбек Дуйшеевти Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообеков маалымат берди.
Ага ылайык, Карыбек Дуйшеев ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулду.
