Таласта 10-11-сентябрда базар жана соода жайлары иштебейт
Талас мэриясы
7 сентябрь

Таласта 10-11-сентябрда базар жана соода жайлары иштебейт

Таласта 10-11-сентябрда базар жана соода жайлары иштебейт. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Чектөө санитардык тазалоо иштерине байланыштуу экендиги айтылат. 

Төмөнкү жайлар жабылат:

  • Борбордук базар
  • Кийим-кече дүкөндөрү жана күркөлөрү
  • Курулуш материалдарын саткан дүкөндөр
  • Автотетиктерди сатуучу жайлар
  • Вулканизациялар (дөңгөлөк оңдоо)
  • Башка бардык соода түйүндөрү.

Мэриядан аталган күндөрү кафе жана тамактануу жайлары иштей тургандыгын кошумчалашты.