Жалал-Абад облустук филармониясында коррупциялык көрүнүштөргө шектелип үч киши кармалды
КР УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы жана мекемелердеги коррупцияга каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Жалал-Абад облусундагы Т.Тыныбеков атындагы облустук филармониянын жооптуу кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзам бузууларга жол берилген фактыларды аныктады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 2 миллион 795 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени такталды.
УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Жалал-Абад облустук филармониясынын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу Ж.Д.С., филармониянын мурдагы башкы эсепчиси М.Д.М. жана товар жеткирүүчү Н.К.А. кармалды.
Аталган адамдар Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
