Ош мэриясы
18 июнь
Ош шаарында “Биз билбеген Борбор Азия” китебинин бет ачары өттү
Ош шаарында жазуучу, публицист Олжобай Шакир уулунун котормосунда жарык көргөн “Биз билбеген Борбор Азия” китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу мэриядан кабардашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова жана коноктор катышты.
Анын алкагында белгилүү коомдук ишмер, либерал-демократ Өмүрбек Абдрахмановдун жаркын элеси жана анын коомго калтырган мурасы эскерилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө китеп боюнча баяндамалар жасалып, панелдик талкуу болду. Ал эми окурмандар котормонун авторуна суроолорун беришти.
