Ош – Баткен – Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү пайдаланууга берилди
13 сентябрь

Ош – Баткен – Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү пайдаланууга берилди

Ош – Баткен – Раззаков жолунун 47-75-чакырымында (28 км) асфальт басуу иштери аяктап, бүгүн, 13-сентябрда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Эки тилкелүү жолдун курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, бүгүнкү күндө унааларга каттам берилди.

Жеринде бардык иштер долбоордук талаптарга ылайык жүргүзүлүп, учурда тротуар, жол чырактары, жол белгилери жана жол чийиндери сыяктуу кошумча иштер аткарылууда.

Эске салсак, 2024-жылы Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери аяктаган.

Асфальт төшөө иштери менен катар 3 көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып колдонууга берилген.