КР ТИМ башчысы жумушчу сапары менен Катарга барат
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 14-15-сентябрь күндөрү Ислам кызматташтык уюмунун жогорку деңгээлдеги иш-чараларына катышуу үчүн Катарга жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Иш-чарага катышуунун алкагында Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларды талкуулоо, ошондой эле чет мамлекеттердин делегациялары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
