Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды
30 январь

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 30-январда болжол менен саат 08:54тө катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен. 

Жер силкинүү Жан-Булак жана Достук айылдарында 3,5 балл, Куланак жана Миң-Булак айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.