Бишкек: тапанча менен коркутуп, көрсөтмөлөрдү өзгөртүүнү талап кылышкан – шектүү кармалды
Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБна А.И. аттуу жаран жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылып, анда 2025-жылдын 19-декабрында белгисиз адамдар эч кандай себепсиз ага дене жаракаттарын келтирип, ошондой эле сыртынан тапанчага окшош предмет менен коркутушкандыгы боюнча чара көрүүнү суранган.
Тергөөнүн жүрүшүндө чыр-чатактын себеби 2025-жылдын 6-декабрында болгон окуялар экени аныкталды. Аталган күнү А.И. Бишкек шаарынын ИИББнын БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан кармалып, ал өз ыктыяры менен күчтүү таасир этүүчү дары-дармектердин таблеткаларын өткөрүп берген. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Сурак учурунда А.И. күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди 1995-жылы туулган жаран А.М. аттуу аялдан сатып алганын билдирген. 2025-жылдын 29-декабрында ал кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кийинчерээк шектүү А.М.нын жолдошу – Н.А. атту жаран – сыртынан тапанчага окшош предмет менен коркутуп, А.И.ден мурда берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүнү талап кылганы аныкталган.
Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) жана 355-беренеси (сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук көрсөтүү) боюнча кылмыш иштери козголду.
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип, 1997-жылы туулган жаран Н.А. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
