Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн эки айылды расмий өткөрүп алуу иштери башталды
Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында жер аянттарын алмашууга байланышкан уюштуруучулук-техникалык иштер башталды. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын алкагында жер аянттарын алмашуунун уюштуруучулук-техникалык маселелерин, анын ичинде алмашылуучу аймактардын жашоочуларынын жарандык макамын аныктоо, аларды көчүрүү, ошондой эле мүлктүк, чарбалык жана башка маселелерди жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын биргелешкен жумушчу комиссиясынын кезектеги отуруму 2026-жылдын 24-июлунда Кадамжай районунун аймагында өткөрүлгөн.
Аталган отурумда кабыл алынган чечимдерди жеринде ишке ашыруу жана уюштуруучулук-техникалык маселелерди ыкчам чечүү максатында бүгүн, 2026-жылдын 3-августунда, эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобу өз ишин жүргүзүүдө.
Жумушчу топту президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Миграция жана персоналдаштыруу департаментинин башчысынын орун басары Бехзод Сайфуллаев жетектеп жатышат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстан Республикасынын Фергана облусуна караштуу болгон Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган эки айылда болжол менен 2 500 адам жашайт.
Учурда айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кийинки этапта жашоочуларга Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү боюнча тиешелүү мыйзамдарда каралган жол-жоболор ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, аталган эки айылдын ордуна Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы макулдашууга ылайык, кыргыз тарап Өзбекстан Республикасына мамлекеттик чек ара тилкесинен эквиваленттүү (теңме-тең) жер аянтын өткөрүп берүүнү макулдашкан.
