Президенттин иш башкармасында коррупцияны алдын алуу боюнча жыйын өттү
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 20-августта иш башкармалыктын алдындагы уюмдардын жетекчилери менен кезектеги жыйынын өткөрдү.
Башкармалыктан кабарлашкандай, негизги маселе коррупциянын кесепеттерин алдын алуу жана мамлекеттик кызматта таза иштөө болду.
Жыйында Туманбаев дүйнөлүк мисалдарга да кайрылып, коррупция ар бир өлкөнүн өнүгүшүнө чоң тоскоол болуп жатканын белгиледи:
«Коррупция – бул экономикадагы артка кетүүнүн башкы себеби. Ал элдин бийликке болгон ишенимин жоготот, адилеттүүлүктү бузат жана жарандардын келечегине түздөн-түз залакасын тийгизет. Ошондуктан бул багыттагы күрөш – ар бир жетекчинин жана ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилиги», — деди ал.
Ал ошондой эле мамлекетте коррупцияга каршы күрөштүн ийгилиги өлкө жетекчилигинин саясий эрки менен шартталып жатканын белгилеп:
«Биздин урматтуу президент Садыр Нургожоевич дайыма бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, саясий эркти көрсөтүп келет. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев бул саясаттын ишке ашуусун катуу көзөмөлгө алып, чечкиндүү кадамдар менен иштеп жатат. Биздин милдет ошол багытты иш жүзүндө колдоо жана конкреттүү иштер менен бекемдөө», — деп баса белгиледи Туманбаев.
Жыйында коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик кызматкерлерди социалдык жактан колдоо да өзгөчө маанилүү экени белгиленди. Бүгүнкү күндө:
• кызматкерлердин эмгек акылары көтөрүлүп жатат;
• Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай менен камсыз кылуу ишке ашырылууда;
• социалдык колдоонун башка багыттары да кеңейүүдө.
«Кызматкердин айлык маянасы жетиштүү болуп, жашоо шарты жакшы болсо, мыйзам бузууга эч кандай кызыкчылыгы болбойт. Биздин максат дал ушундай шарттарды түзүү», — деп жыйынтыктады президенттин иш башкаруучусу.
