ӨКМде айгай жарыяланып, өздүк курам сапка тизилди
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 30-январда таң эрте айгай жарыяланып, өздүк курам сапка тизилди.
Ведомстводон кабарлашкандай, аскердик жана мамлекеттик муниципалдык кызматкерлерге Жарандык коргонуу тутумуна тиешелүү маалыматтар жеткирилди.
Ошондой эле Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда ӨКМдин бардык башкармалыктарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары штабдык машыктырууну жогорку деңгээлде уюштурууну талкуулашты.
Аталган иш-чарада Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын тынчтык мезгилинде иштөө режимдерин жакшыртуу тапшырмасы коюлду.
