Арашан айылында жаштардын ортосунда жаңжал чыккан, текшерүү иштери башталды
Чүй ОИИБ
3 август

Арашан айылында жаштардын ортосунда жаңжал чыккан, текшерүү иштери башталды

Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагындагы Флагшток аймагында жаштардын ортосунда жаңжал чыккан. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган. 

Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, окуя 2026-жылдын 3-августунда саат 07:50 чамасында катталган. 

Аталган маалымат Аламүдүн РИИБде катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге жөнөтүлгөн.

Окуяга тиешеси бар жарандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө катышуучулардын бири милицияга арыз менен кайрылып, жаңжал өз ара түшүнбөстүктөн улам чыкканын, эч кимге карата доо-талабы жок экенин билдирген.

Учурда аталган факты боюнча кошумча текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.