Кыргызстандык дыйкандар 1210 номерине чалып, акысыз консультация ала алат
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 август

Кыргызстандык дыйкандар 1210 номерине чалып, акысыз консультация ала алат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба тармагындагы жарандарга ыкчам, сапаттуу жана жеткиликтүү маалыматтык-кеңеш берүү максатында 1210 бирдиктүү байланыш борборунун кызматын сунуштайт.

1210 бирдиктүү байланыш борбору аркылуу төмөнкү багыттар боюнча акысыз маалымат жана адистердин кеңешин ала аласыз:

  • өсүмдүк өстүрүү жана заманбап агротехнологиялар;
  • мал чарбачылыгы жана ветеринария;
  • үрөн, жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоо;
  • сугат жана суу ресурстарын пайдалануу;
  • мамлекеттик колдоо программалары, жеңилдетилген насыялар жана субсидиялар;
  • айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча маалыматтар;
  • министрликтин кызматтары жана айыл чарба тармагына тиешелүү башка суроолор.

Эгер сизге айыл чарба тармагына байланыштуу маалымат же адистин кеңеши керек болсо, 1210 кыска номерине кайрылыңыз. Министрликтин адистери суроолоруңузга ыкчам жооп берип, тиешелүү багыттар боюнча маалыматтык колдоо көрсөтүшөт.

1210 бирдиктүү байланыш борбору – дыйкандар жана фермерлер үчүн ишенимдүү маалымат булагы, мамлекеттик кызматтарга жетүүнүн ыңгайлуу жана ыкчам жолу.