Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас суракка чакырылды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу 17-мартта бир катар ЖМКлар өздүк булактарга таянып жазды.
Азырынча тиешелүү укук коргоо органдары бул маалыматты төгүндөгөн да тастыктаган да жок. Эмне себептен суракка чакырылганы да азырынча белгисиз.
Тай-Мурас Ташиев Камчыбек Ташиевдин улуу уулу. Ал 32 жашта.
Тай-Мурас Ташиев "Томас и Ко" компаниясынын директорунун орун басары. 2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Көп өтпөй мандатынан баш тарткан.
