
Анкарадагы теракт. Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Түркиянын Анкара шаарындагы аэрокосмостук компаниянын аймагында жардыруу болгон жердеги атышууда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, КРнын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады.
"Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок", - деп айтылат билдирүүдө.