
Бишкектин Жумабек көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды
Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндөгү жол капиталдык оңдоодон өтүп жатат.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, учурда адистер асфальт-бетон аралашмасын төшөй башташты.
Жумабек көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Исанов көчөсүнө чейинки капиталдык ремонту 2024-жылдын титулдук тизмесинде каралган.
Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө кызыл сызыктан чыккан бардык объектилер демонтаждалып, ирригациялык система орнотулду.
Белгилей кетсек, буга чейин жолдун эки тарабында тең тротуар капиталдык оңдоодон өтүп, асфальттын жаңы катмары салынган.