Ошто коммуналдык чарба кызматкерлеринин айлыгы эки эсеге жогорулатылат
www
18 март

Ошто коммуналдык чарба кызматкерлеринин айлыгы эки эсеге жогорулатылат

Ош шаарындагы коммуналдык чарба кызматкерлеринин айлыгы эки эсеге жогорулатылат. Бул тууралуу шаар башчысы Жанар Акаев бүгн, 17-мартта коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарада билдирди. 

Шаар башчысы коммуналдык чарба тармагы шаар турмушунун туруктуу иштешин камсыздап, калктын жашоо сапатына түз таасир эткен маанилүү тармак экенин белгилеп, тармак кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле 2026-жылы алардын айлык маянасын эки эсеге жогорулатуу чечими кабыл алынганын билдирип, эмгегин татыктуу баалоого өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.