Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда колдоо тапты
Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайыкташтыруу максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөр терминологияны жаңылоого, кайталаган ченемдерди алып салууга, ошондой эле жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана коргоо маселелерин жөнгө салуучу Санарип кодексинин 11-главасынын жоболоруна ылайык келтирүүгө багытталган.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунда сунушталган айып пулдардын минималдуу жана максималдуу өлчөмдөрүнүн ортосундагы айырмачылык өтө чоң экенине көңүл буруп, мындай айырма коррупциялык тобокелдиктерди жаратарын жүйө келтирди. Ал эми эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу маселелерине токтолуп, интернетке паспорттордун сүрөттөрү жарыяланып жаткан учурларга жана ага байланыштуу укуктук кесепеттерге көңүл бурду. Депутат Камила Талиева киберкоопсуздукту күчөтүү, жарандардын жеке каржысын алдамчылардын чабуулдарынан коргоо керектигин айтып: «Бул маселеде жооптуу түзүмдөрдүн ыкчам аракеттенүүсү чоң мааниге ээ. Анткени алдамчылар «дроппердик» схемаларды колдонуу менен каражаттарды өтө тездик менен чыгарып кетүүгө аракет кылышат», – деди.
Муну менен катар депутат Улан Сариев мыйзам долбоорун ишке ашыруу механизмдери тууралуу сөз кылып, айрым ченемдерди тактап, деталдаштыруу керектигин билдирсе, эл өкүлү Гүлшаркан Култаева санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшүн эске алуу менен жарандардын жеке маалыматтарын коргоо маселелерине байланышкан кайрылууларды жана даттанууларды кабыл алууну автоматташтырууну сунуштады. Ошону менен бирге депутат Токтобүбү Ашымбаева эл аралык маркетплейстер аркылуу товар сатып алууда Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын коргоо маселелерин ортого салды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Андан тышкары, жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору 2025-жылдын 4-июнундагы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан.
