Чыгым 3 млн сомдон ашат. Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалда
Чүй районунун ИИБине жаран С.Ф. арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 2023-жылдын ноябрь айынын башында К.Л. аттуу чала тааныш жаранга 193 тонна жүгөрү өткөрүп берген. Ал алынган продукция үчүн 6 миң АКШ долларын жана 1 миллион 800 миң сом төлөп берген, бирок дагы 815 миң сом карыз бойдон калган. Бир нече ирет талап кылынганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин аталган акча каражаты кайтарылган эмес.
Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү арыз ээсинин ишенимине кирип, алдоо жолу менен жалпы суммасы 2 миллион 926 миң сомду түзгөн дагы 133 тонна жүгөрүнү алып, анын акчасын да төлөбөгөнү аныкталган.
Натыйжада арыз ээсине жалпы 3 миллион 801 миң сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтирилген.
2026-жылдын 13-майында аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери 1977-жылы туулган К.Л. аттуу шектүүнү аныктап, кармашкан. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мындан сырткары, анын Чүй облусунун башка райондорунда да ушуга окшош кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.
Тергөө иштери уланууда.
