«75чилердин каты»: Прокуратура Камчыбек Ташиевди 9 жылга эркинен ажыратууну сурады
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 29-июнда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жана «75чилердин каты» деп аталган кылмыш ишинин башка фигуранттарына байланыштуу кезектеги сот отуруму өттү.
Соттук отурум судья Азирет Медеровдун төрагалыгы алдында жабык режимде өттү. Соттук жарыш сөздөрдүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар бардык айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, алардын ар бирин 9 жылга эркинен ажыратууну суранышты.
Процесске катышкандардын маалыматына ылайык, тараптардын жарыш сөздөрү дагы эле уланууда. Ал эми жактоочу тарап өзүнүн сөзүн азырынча толук аяктай элек.
Эске салсак, бул кылмыш иши бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү жана кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча коюлган айыптарга байланыштуу. Буга чейин иштин материалдары жашыруун деп табылып, сот отурумдары бир нече жолу жабык форматта өткөрүлгөн.
