Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду
Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун Түркиядагы расмий сапары Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбѳзүнѳ гүлчамбар коюу менен башталды. Бул тууралуу парламенттен кабарлаштыю
Ардактуу кароолдун коштоосунда төрага Түркиянын мамлекеттик жана саясий ишмеринин элесине таазим этип, мавзолейдеги Сыйлуу коноктор китепчесине да каалоо-тилектерин жазып калтырды.
Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен Анкара шаарына расмий сапары менен барган.
Делегациянын курамында депутаттар Алишер Козуев, Кундузбек Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Эльдар Сулайманов, Гүлай Машрапова жана Эльвира Сурабалдиева бар.
