Облус башчысы Тилек Текебаев Манас шаарындагы ири курулуш жумуштарынын жүрүшү менен таанышты
10 февраль

Облус башчысы Тилек Текебаев Манас шаарындагы ири курулуш жумуштарынын жүрүшү менен таанышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарындагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердеги курулуштардын жүрүшү менен таанышты.

Алгач Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты, ошондой эле Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Манас шаарындагы филиалынын имараты менен таанышуу менен башталды. Андан соң облус башчысы 5200 орундуу спорт сарайындагы курулуштардын жүрүшүн көрүп чыкты.

Мындан тышкары, Тилек Текебаев Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору жана “Акылман” балдар лицейинин филиалы, жаңы муниципалдык базар, Жеңиш эс алуу багынын реконструкциясы, облустук клиникалык оорукананын 280 орундуу жаңы корпусу, “Асман Резиденс 8” турак жай комплекси, облустук филармониянын жаңы имараты жана заманбап шаардык музейдин курулушу менен таанышты.

Облус башчысы объектилердеги аткаруу графигин, курулуштун сапатын, коопсуздук жана техникалык эрежелердин сакталышын, ошондой эле иштердин белгиленген мөөнөттө аяктоо зарылдыгын белгиледи. Кыдыруунун жүрүшүндө айрым кемчиликтер аныкталып, тиешелүү аткаруучу компанияларга эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле 5200 орундуу спорт сарайында курулуш эрежелеринин талаптагыдай сакталбагандыгы белгиленип, облус башчысы подряддык компанияга айып пул салуу боюнча тапшырма берди.

Иш сапардын жыйынтыгында Тилек Текебаев бардык объектилердеги курулуш иштерин сапаттуу, коопсуз жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү зарылдыгын баса белгилеп, жооптуу жетекчилерге тапшырмаларды койду.