Бишкекте атайын жөнөтүүлөрдү чек ара аркылуу алмашуунун учурдагы тартиби талкууланды
КР ИИМ
29 июнь

Бишкекте атайын жөнөтүүлөрдү чек ара аркылуу алмашуунун учурдагы тартиби талкууланды

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде чектеш мамлекеттер ортосунда атайын жөнөтүүлөрдү чек ара аркылуу алмашууну уюштуруу жана өркүндөтүү маселелерине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушууга ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков, КР ИИМдин Фельдъегердик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Фельдъегердик кызматтын Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, ошондой эле Казакстан Республикасынын жана Тажикстандын өкүлдөрү катышты.

Суюнбек Ниязбеков иш-чараны ачып жатып, катышуучуларды жылуу тосуп алып, атайын байланыш тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелерди талкуулоого катышып жаткан чет өлкөлүк кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Ал өз сөзүндө мамлекеттер аралык өз ара кызматташууну чыңдоо туруктуулукту, коопсуздукту камсыз кылуунун жана мамлекеттик органдардын натыйжалуу иштешинин маанилүү негизи экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик органдардын өз ара ыкчам кызматташуусун камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ болгон атайын жөнөтүүлөрдү ишенимдүү, ыкчам жана коопсуз алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар атайын жөнөтүүлөрдү чек ара аркылуу алмашуунун учурдагы тартибин, практикалык маселелерди жана кызматташтык механизмдерин мындан ары өркүндөтүүнүн келечегин талкуулашты. Тажрыйба алмашуу, заманбап уюштуруучулук жана технологиялык чечимдерди киргизүү, ошондой эле конструктивдүү диалог өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, колдонулуп жаткан жол-жоболорду өркүндөтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Тажикстан Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана атайын жөнөтүүлөрдү чек ара аркылуу алмашуу системасын өркүндөтүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.