«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
5 март

«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. 

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун Алмаз Раимбеков белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жарандарына он алты жашка толо электе жарандык жалпы паспортту берүү тартибин жөнөкөйлөтүү болуп эсептелет.

«Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин азыркы редакциясына ылайык, 16 жашка толо элек жарандарга жалпы жарандык паспортту тариздөө ата-энесинин өтүнүчү (макулдугу) болгондо гана мүмкүн. Практикада бул талап көп учурда олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Эки ата-эненин тең макулдугун алуу дайыма эле мүмкүн боло бербейт: алардын бири өлкөдөн тышкары болушу, өз ара аракеттенүүдөн баш тартышы, баланы тарбиялоого катышпашы же анын жайгашкан жери такыр белгисиз болушу мүмкүн. Мындай шарттарда балага иш жүзүндө кам көрүп жаткан ата-эне уруксат алуу үчүн сотко кайрылууга аргасыз болууда», – деди Алмаз Раимбеков.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев ата-эненин бири баланын чет өлкөгө чыгуусуна макулдук берүү укугун кыянаттык менен пайдаланган учурда, чет өлкөгө чыгуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин кароону сунуштады.

«Ата-эненин бири баланын жашоосуна катышпаса, алимент төлөбөсө же такыр эле жок болуп кетсе, анда баланын чет өлкөгө чыгуусу үчүн керектелген макулдук маселесин жөнөкөйлөтүш керек», – деди эл өкүлү.

Ал эми депутаттар Талайбек Масабиров жана Жылдыз Курманалиева сунушталган ченемди колдоп, учурда көптөгөн балдар ата-энесинин биринин макулдугу жок болгондуктан жалпы жарандык паспорт ала албай жатканын белгилешти.